“Менин уулумдун тоюна тергелип бүткөндөр жана тергеле электер келди” – деди депутат Руслан Казакбаев “Парламенттик радионун” эфиринде.

Ушул жылдын октябрь айында “Республика – Ата-Журт” партиясынын депутаты Казакбаев уулунун үйлөнүү тоюна Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Раиса Атамбаева, Кадыр Атамбаев жана башкалар келишкен.

Депутат өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегенин айтты. “Мен дипломатия тармагында иштегем, Жогорку Кеңеште иштеп жатам, маданият, саясатчылар, ишкерлер менен иштешкем. Алар менен мамилем аябай жакшы болгондуктан баарын чакырдым. Чакырылбаган коноктор дагы болду, аларга терең ыраазымын. Коноктордун 90% туугандар, 10% саясатчылар болду” – деди ал.

Дегеле коррупция менен күрөшө келгенде бирөөнүн тууганы болуп чыга келет. Ушу коррупция менен кандай күрөшүү керектигин журналист сураганда, Казакбаев үй-бүлөлүк иш-чараларга саясатты аралаштырбоо керектигин айтты.

“Парламентте отурганда көйгөйлөрдү чечиш үчүн талаш-тартыш болот. Парламенттен чыккандан кийин алар чогу ат майданына, же болбосо спорт менен биргеликте машыкканга болот. Ал эми той-топурларда  сөзсүз эле бири-бири менен коррупция маселесин сүйлөшүү эместа. Той ээси баардык болгон конокторду чакырат. Коноктор ким менен сүйлөшөт, ким менен сүрөткө түшөт – бул өз эрки” – деди Казакбаев.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: