Жалал-Абадда кемпирдей болуп кийинип кайыр сураган жаш кыз кармалды

Жалал-Абад шаарында 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, отуруп алып кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болду. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө “менин эжем рак оорусу менен ооруйт” – деген жалган маалыматтар камтылган баракчаны көтөрүп тилемчилик кылаары такталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдирди.

Рейд учурунда кармалган жарандардын бармак издери алынып, Жалал-Абад ШИИБне каттоого түшүрүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, айып пулдар салынды.

Мындан сырткары көчөдө мас абалында баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте “Ак-Жол” балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек Жалал-Абад ШИИБи тарабынан өткөрүлүп жаткан “Укук жана тартип” рейди 7-декабрга чейин улантылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь