Жалал-Абадда 18 жаштагы жигит бычак жеп каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын маалымат кызматынан кабарлады.

9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгери жаш жигитти белгисиз атуулдар учтуу нерсе менен ич жагына сайып, денесине жараат келтиргендигин, жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы боюнча милицияга кабар берген. Ал эми 2 сааттан ашуун операция болгон жаш жигит ошол эле түнү денесинен алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнин тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, 9-ноябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне “Кылмышка аракеттенүү”, “Киши өлтүрүү” беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Каза болгон жаран Сузак районунун тургуну, 2001-ж.т. К.Т. экендиги, окуя өз ара келишпестиктен келип чыккандыгы аныкталган.

Жалал-Абад ШИИБнин Кримниалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 2000-ж.т. У.Д. жана Сузак районунун 2002-ж.т. тургуну Н.А. аттуу кыз шектүү катары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: