Айгүл Мамбетказиева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди. Тийиштүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, мурдагы директору Мира Жангарачева феминнале көргөзмөсүндөгү чуудан кийин кызматынан кеткен.

Мамбетказиева Айгүл Токтобековна 1955-жылы туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

Эмгек жолун Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинен 1978-жылы баштаган. 1978-1980-жылдары экскурсовод, 1980-1986 жылдары көркөм-прикладдык искусства бөлүмүнүн илимий кызматкери болгон.

1986-жылдан бүгүнкү күнгө чейин музейдин башкы сактоочусу болуп келген. Кызматка дайындалганга чейин музейдин директорунун орун басары болчу.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 184