Чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 138 даана жыгач эшиктер табылды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунда Ж.Ш. аттуу кыргызстандык «Вольво» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Текшерүү учурунда жалпы салмагы 4 миң 90 килограмм болгон жүк табылды. Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 825 миң 500 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: