Бишкекте №42 автобустун айдоочусу тамеки чегип бара жатканы жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын жараткан. “Салондун барын тамеки сасытып бара жатасыз” деген жүргүнчү айдоочуну видеого тартып алган. Видео инстаграмдагы @Black_list.kg группасына жарыяланды.

Аял айдоочудан тамекисин ыргытып салууну суранган, бирок троллейбустун айдоочусу “отурчу ары жакка, тоскоол кылбай” деген.

Ал эми өз кезегинде “Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы айдоочунун аракетине баа бере турганын билдирди.

Биз бул видеону жетекчибизге жөнөттүк, жакынкы күндөрү айдоочуга кандай чара көрүлө тургандыгын талкуулайбыз. Ага сөгүш жарыялана турганын так айта алам. Айрым учурда адамдык фактор деген болот, балким ал күнү маанайы чөгүп турган“,- деп билдирет аталган кызматтан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: