Республика боюнча 300 мектепке оптика волокно интернет кабели тартылды. Бул туурасында бүгүн билим берүү жана илим министрлиги журналисттер менен биргеликте өткөргөн пресс-кафеде айтылды.

Анда маалымдалгандай учурда өлкө аймагы боюнча 671 мектептер интернет желесине туташтырылган. Ал эми анын ичинен 300 мектепке ылдамдыгы жогору болгон оптика волокно интернет кабелдери тартылды. Санариптештирүү багытында мындан тышкары “Жаңы китеп” маалыматтык системасы киргизилүүдө.

Мында билим берүү жаатындагы баардык китептер бир базага топтолуп, электрондук варианттары дагы болот. Ал эми мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда аралыктан окутуу дагы киргизилип жатат. Анын натыйжасында жылына 16 миңге чукул мугалимдин квалификациясын жогорулатуу планга коюлган. Аны менен катар “Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” программасы атайын кесиптик колледждерге киргилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 67