Ош шаарындагы ооруканаларда жарандардан негизсиз акча алуу көрүнүштөрү токтобой жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында атайын комиссиянын маалыматында айтылды.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов медицинадагы паракорчулук жоюулушу керектигин айтып, ооруканалардын жетекчилерине жыйында эскертүү берди.

“Негизсиз акча алганды токтоткула. Жаңы төрөлгөн баладан тартып акча аласыңар. Керек болсо төрөлө элек бала үчүн акча алып, бул жерде коркпой отурасыңар”,-деди мэр.

Калаа башчысы шаардык оорукананын башчысына кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берип, укук коргоо органдарына да тапшырма берди.

Опубліковано Азаматом Абсаттаровим Середа, 4 грудня 2019 р.

Опубликовано Азаматом Абсаттаровым Среда, 4 декабря 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: