28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале ачылган. Ага 22 өлкөдөн 50дөн ашык арт-өнөр ээлери катышкан. Феминналенин башчысы Гүлайым Айылчы көргөзмөгө акча бир нече донорлордон чогулганын Kaktus.mediaга айтып берди.

  • 152 миң сом “Элсомго” түшкөн
  • 56 миң сом билеттерди сатуудан түшкөн
  • 40 миң сом көргөзмөнүн символу түшүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн
  • 320 миң эл аралык уюмдардан жана фонддордон түшкөн
  • 300 миң сом чет жактагы донорлордон келген

Жалпы сумма : 868 миң сомду түздү

Феминналени уюштурууда жардамчы катары чыккан “Сорос Кыргызстан” фонду эмблемаларын басып чыгарууга 3 миң доллар коротконун билдирет.

“Бизде мындай ири масштабдагы көргөзмөгө каражатыбыз толук жетпегендиктен сарамжалдык менен иш жүргүзгөнбүз”, – дейт Гүлайым Айылчы.

Анын айтымында негизиги чыгашалар экспонаттарды Кыргызстанга алып келүү жана кайра жеткирүүгө, ошондой эле көргөзмөнү орнотуп кайра алууда керектелди.

Биз музейди 15-декабрга чейин 45 миң сомго ижарага алганбыз“,- дейт көргөзмөнүн башчысы.

Көргөзмөгө катышкандар келип кетүү жол чыгымдарын өздөрү жабышты. Бир гана Кыргызстан, Казакстандан келген жана Украинадан келген эки сүрөтчүнүн гана жолун уюштуруучулар төлөп берди.

“Көптөгөн монтаж проектерди түзүү иштери ыктыярчылардын жардамы менен болду. Биз сүрөтчүлөрдүн, ыктыярчылардын түшкү тамагын гана каржылап бердик”,- деп белгиледи Гүлайым Айылчы.

Мындан сырткары ал азыр алардын демонтажга акчасы калбаганын билдирди.

Эске сала кетсек 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале ачылган. Анда Даниялык перфоманист Жулье Савери көргөзмөгө жылаңач денесин көргөзүп чыккан. Ал бул образы менен сойку кыздардын укугун коргоо маселесин көрсөткүсү келген. Соцтармактарда бул окуя ири нааразычылык жаратып натыйжада музейдин директору Мира Жангарачева өз кызматынан кеткен. Анын ордуна Айгүл Мамбетказиева дайындалды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: