Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук РИИБге Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2015-жылы чала таанышы алдоо жолу менен ишенимге кирип, 9 миң долларга бааланган «Тойота Хайлюкс Сурф» үлгүсүндөгү унааны 3 жер тилкесине алмашам деп алган. Бирок жабырлануучу ошондон бери жер тилкесин дагы, же берген унаасын дагы  кайра ала албай жүргөн,

“Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Чүй облусунун 53 жаштагы А.Ч. аттуу тургуну кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат” – деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 96