Чүйдө 11 жаштагы окуучу сарайында асынып алды

Чүйдө 5-класстын окуучу асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда болжол менен саат 17:03тө Чүй районунун ИИБне жаш өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинде асынып алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, 2008-жылы туулган К.Н. аттуу окуучу бала асынып алгандыгын аныкташкан.

Анын мойнунда жиптин изинен башка жаракаттар аныкталган эмес. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь