Ереван шаарында Президенттик салтанаттуу сарайда Кыргызстандын Орусиядагы жана Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Армениянын президенти Армен Саркисян мырзага Ишеним грамотасын тапшырды.

Андан соң маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар азыркы саясий кырдаалды, коопсуздук чөйрөсүндөгү, ЕАЭБ алкагында жана эки тараптуу форматтагы мындан аркы экономикалык кызматташуунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулашты.

Армениянын президенти Саркисян элчи аркылуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду ага ыңгайлуу мезгилде Арменияга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Расмий чакыруу дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча кыргыз-армян байланыштарын мындан ары бекемдөө жана кеңейтүү боюнча ишенимдерин билдиришти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: