Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда кечээ, 5-декабрда саат 13:42де Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, бул тууралуу маалыматты такстыкташкан.

Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

“Издөө иштеринин жүрүшүндө Криминалдык милиция тарабынан шектүү катары 1996-жылы туулган Д.М. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Кармалган жарандын жанында «МР-371 КВ» үлгүсүндөгү үн чыгаруучу тапанчасы болгон. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат” – деп айтылат билдирүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: