Дүйнөдөгү эң кымбат балатыны көрдүңүзбү?

178

Испаниядагы мейманканалардын бирине дүйнөдөгү эң кымбат балаты коюлду. Анын баасы 14,1 миллион евро деп бааланып жатканын «Tengri Travel» басылмасы жазды.

Бийиктиги 5,7 метр болгон балаты күн-түнү кайтарылууда. Ал Марбелья шаарындагы «Kempinski Hotel Bahia» мейманканасында коюлуп, аны кооздоодо британиялык белгилүү дизайнер, сүрөтчү Дебби Уингэм алектенди.

Жумуртка формасындагы оюнчук, шар жана баштыкчаларды жасоого бир айдан ашык убакыт кеткен. Баштыкчалар кылдаттык менен жасалып, белгилүү «Cartier», «Chanel», «Louis Vuitton» зер буюмдар үйлөрүнүн кымбат баалуу таштары, терилер колдонулган.

 

Жаңы жылдын символу болуп, ар жылы коздолгон балатыда кызгылт түстөгү 2,3 миллион долларга бааланган бриллиант жана формасы сүйрү, кызыл түстөгү 4,9 миллион долларлык бриллиант өзгөчө айырмаланып, көзгө дароо учурайт.

 

Балатыда жегенге боло турган «павлин шоколаддары» дагы бар. Мындан сырткары сапфир, алмаздар менен жасалгаланып, баасы 120 000 евро болгон «Щелкунчиктер» тагылган.

 

 

«Балаты ушул айдын аягына чейин турат. Айдын аягында салтанаттуу кече өтүп, анда белгилүү дизайнер алмаз менен кооздолгон торт даярдоосу пландалып жатат», – деп «Tengri Travel» басылмасы жазган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь