Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров тазалык кызматкерлеринин маянасы 19 миңден кем эмес болушу керектигин айтып чыкты. Ал бюджеттик каражатты өздөштүрүү үчүн толук отчёт берүүнү тапшырды.

Бишкекте тазалык кызматкерлеринин орточо айлык акысы 4-5 миң сомду түзөт.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Рыспек Сарпашев тазалык кызматкерлеринин маянасы бөлүнгөн аянтына жараша төлөнө турганын “Марал” радиосуна айтып берген:

— Тазалык кызматкерлеринин маянасы ар кандай. Алар бөлүнгөн аянтына жараша алышат, мисалы, 5 миңден 20 миңге чейин айлык алгандар бар. Учурда вице-мэр ушул маселени көтөрүп жатат, буюрса, жаңы жылдан кийин кызматкерлердин маянасын көтөрөбүз. Каражат бөлүнгөнү менен, акча керектүү куралдарга  жана таштанды ташыган унаалардын ремонтуна кетет. Учурда кышка даярдык көрүп жатабыз, кызматкерлерге атайын кийимдерди ылайыктап жатабыз. 

Сарпашев кызматкерлердин кышка  атайын кызматтык кийими даяр болуп жатканын, ошондой эле суук түшкөнгө чейин кийим жана керектүү курал-жарактар менен камсыз болорун кошумчалады.

Жылына тазалык ишканасына жалпы 500 млн сом бөлүнсө, бул сумманын көпчүлүк бөлүгү керектүү курал жана унааларды оңдоп-түзөө иштерине жумшалат. Ушул сумманын ичинде кызматкерлердин маянасы да каралган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
4
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: