Женевада кыргыздын улуттук азыктары жана буюмдары көрсөтүлдү

71

Женевада өткөн жарманкеде кыргыздын улуттук азыктары, буюмдары жана тамактары көрсөтүлдүБул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 3-декабрында Женева шаарында БУУнун Аялдар бирикмеси тарабынан уюштурулган “БУУ-Базар 2019” атындагы эл аралык кайрымдуулук жармаңкеси болуп өттү. Бул иш-чарага БУУга мүчө болгон 60тан ашык мамлекет, анын ичинде Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунунун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгү дагы катышты.

«БУУ Базар» тилектештикти жана достукту айгинелейт, ошону менен бирге жаңжал болгон жерлерде кароосуз калган балдарга жардам берүү максатын көздөйт. Жыл сайын жармаңкеден 300 000ге жакын швейцариялык франк түшөт жана ал үйлөрүнөн ажыратылган балдарга колдоо көрсөтүү долбооруна бөлүнөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь