Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтын казылып жаткандыктан, айылды аралап аккан дарыя кирдеп, зыян алып келүүдө. Буга айыл эли нааразы болуп чыкты.

Негизи Аючачы кенинен «Оптимум Трейд» компаниясы алтын өндүрүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болгон. Себеби Айгыр-Жал жана Чакмак-Суу айылынын жашоочулары кытай компаниясы үчүнчү ирет Чаткал дарыясын кирдетип жатат деп нааразы болуп чыгышкан.

Бирок учурда аталган компания өзүнүн өндүрүшүн түнү менен жүргүзүп, алтын казып алуу иштерин токтотпой эле. Жергиликтүү жашоочулар компаниянын кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүнү видеого тартып алышкан.

Айыл жашоочулары суу жөн жерден кирдеген жок деп ишенимдүү айтышууда.

Ал эми «Оптимум Трейд» компаниясынын өкүлү Эмил Балтабаев, негизги иштер токтоп турганын билдирди.

“Мен кен чыгуучу жайды өз алдымча иштеткен жокмун да. Мамлекет аукцион өткөргөн, анда биздин компания утуп чыккан. Биз өндүрүштү жаап жатабыз, жакында эле экотехинспекция келип убактылуу ишмердүүлүк токтотулду. Бул кен чыгаруучу жайда бир аз алтындар калды, казып алууга бизге эки күн бергиле. КАМАЗДАРдын ижара акысын төлөшүм керек да“,- дейт Эмил Балтабаев.

Ал эми Балтабаевдин айтуусунда, дамба жарылып кеткендиктен суу кирдеп жатат. Бузулган дамба 4 сааттын ичинде жасалган.

Жергиликтүү бийлик аталган компания мыйзамды бузгандыктан буга чейин дагы айып пул салынганын маалымдады.

Экотехинспекция 2017-жылдан 2019-жылга чейин «Оптимум Трейд» компаниясын жалпы 145 миң сомго айыпка жыгып, кошумча айлана-чөйрөгө зыян алып келгени үчүн 476 миң сом алган.  Ошондой эле кыйылган бактар үчүн Чаткал районунун токой чарбасына 178 миң сом компенсация төлөгөн.

 Булак: kloop.kg

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 229