Кара-Балта шаарындагы белгилүү үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн жансыз денелери табылды. Turmush басылмасына өздүк булактар маалымдагандай, 5-декабрда саат 17:00 чамасында шаардын Спортивный кварталында жайгашкан батирде эки аялдын денеси табылган. Алар канча убакыттан бери жатканы белгисиз.

Алар — 1948-жылы туулган Л.П., шаардагы белгилүү психоневролог жана анын 1979-жылы туулган С.П. аттуу кызы экендиги аныкталган. Кызы юрист болуп иштечү, жолдошу менен ажырашып кеткен.

Маалым болгондой, апасы акыркы жылдары катуу ооруп, аз кыймылдачу. Ал эми кызы кандайдыр бир препараттарды колдончу. Алар таанышын 5-декабрга чакырышканы айтылууда. Психоневрологдун мурунку жолдошу шаарда дарыканалардын тармагына ээлик кылат. Эки аял өз жанын кыйган деген версия дагы айтылууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: