Кара-Балта шаарында эки аялдын (энеси жана кызы) жансыз денеси табылган батирде өлүм алдында жазылган кат табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жеке булактар билдиришти.

Ал катта аялдар алардын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнүшкөн. Мындан тышкары, алар батирди кимге калтырышканын, аларды акыркы сапарга узатуу үчүн каражатты кайда коюшканын жазышкан.

Кээ бир маалыматтарга караганда, үч бөлмөлүү батирди алар үй кызматкерине калтырышкан.

Буга чейин маалымдагандай, 5-декабрда саат 17:00 чамасында шаардын Спорт кварталында жайгашкан батирде эки аялдын денеси табылган. Алар канча убакыттан бери жатканы белгисиз.

Маркумдар 1948-жылы туулган Л.П. — шаардагы белгилүү психоневролог жана анын 1979-жылы туулган С.П. аттуу кызы экендиги аныкталган. Кызы юрист болуп иштечү, жолдошу менен ажырашкан.

Маалым болгондой, апасы акыркы жылдары катуу ооруп, аз кыймылдачу. Ал эми кызы кандайдыр бир дары-дармектерди колдонуп жүргөн. Алар таанышын 5-декабрга чакырышканы айтылууда.

Психоневрологдун мурунку жолдошу шаарда дарыканалар тармагына ээлик кылат.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы малымдагандай, ушул жылдын 5-декабрында саат 15:00 чамасында Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарындагы Спортивный кварталында жайгашкан батирден эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Окуя болгон жерге тергөө тобу чыгып, батирден табылган эки аялдын денесинде кыйнап өлтүрүү белгилери болбогонун аныкташкан. Аялдардын бири 71 жаштагы Л.П. жана анын 40 жаштагы кызы С.П. экендиги белгилүү болгон.

Болжолдуу маалыматка караганда, эки аялдын денесин үй-бүлө ээсинин жакын курбусу таап, милицияга кабар берген. Мындан тышкары, батирдин башка бөлмөсүнөн өлүм алдында жазылган кат табылган. Анда алар өз жанын кыюуну чечишкенин жана алардын өлүмүнө эч кимди айыптабоону өтүнүшкөн.

Учурда милиция эки аялдын өлүмү бонча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Алардын өлүмүнө эмне себеп болгондугу аныкталууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Булак: Turmush.kg

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: