Кыргызстанга чет өлкөдөн келген студенттерди чек арадан өтөөрдө ден соолугун текшерүү керек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев билдирди.

Анын айтымында,  Москвада иштеген 480 кыргызстандыктан ВИЧ аныкталган.

“ВИЧ илдетине чалдыккан  480 адам кайра Кыргызстанга кайтып келди да. Мындай маселе Тажикстан, Өзбекстанда да бар. Алар аэропортторго лаборатория орнотуп, мекенине кайра кайтып келген мигранттарды текшерип жатышат. Биз да чет жакта жүргөн мигранттарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аэропортко лаборатория коюшубуз керек. Ошондой эле Индиядан, Пакистандан Кыргызстанга келип жаткан студенттерди да текшерип киргизүүнү милдеттендиришибиз зарыл”, – деп билдирди С.Келдибаев.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: