Абактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун бүгүн туулган күнү. 51 жашка толду.

Жапаровду туулган күнү менен куттуктаганы туугандары гана эмес, элдик штабдын мүчөлөрү дагы абакка барышат. Бул тууралуу жактоочусу Шарабидин Токтосунов Vesti.kg басылмасына билдирген.

Тарапташтары жана туугандары бүгүн куттуктап барышат, а мен болсо эртең барамын. Туулган күнүнө белек катары козу союп, таттууларды киргизебиз“,- дейт жактоочусу.

Эске салсак, өткөн жылы Жапаровдун 50 жылдыгына карата «Садыр жана чындык» деген жактоочусу тарабынан жазылган китеп жарык көргөн.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 369