Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өткөн окуяларды көзүнө жаш алып эскерди. Бул тууралуу «Фарм-Альянс» компаниясынын директору Татьяна Дементьева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Ал кечээ Москвадагы клиникалык ооруканага барып, Курманкуловдон кабар алган.

Анын айтымында, Чүй милициясынын башчысынын абалы жакшырып бара жатканы байкалып турат.

“Саматтын сүйлөөсү жакшырып, ал сүйлөп тамашалап, өткөн окуяларды көзүнө жаш алып эстеди. Бул жакшы нерсе, керек болсо мен дагы араң карманып турдум..”,- деп жазат медицина тармагынын өкүлү.

Ошондой эле таттууларды жакшы көрүп жей турганын кошумчалаган.

Москва…Хорошая эта моя поездка, какая-то добрая и родная, многое успела сделать за такой короткий период…

Опубликовано Татьяной Дементьевой Четверг, 5 декабря 2019 г.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Кой-Ташта башынан жаракат алган. Учурда Москвада дарыланууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдагандай, Курманкулов өз алдынча сүйлөп, басып калды.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
19
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: