Сатыбалдиев: Эки жылдан бери жети жылдыздуу мейманканада “эс алып жатам”

“Эки жылдан бери жети жылдыздуу мейманканада “эс алып жатам”. Бул тууралуу  мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев соттук отурумда билдирди. Ал  моцияга алдыргандыгы үчүн кечирим сурады.

Бүгүн 6-декабрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Бул иш боюнча өтүп жаткан сегиз айыпталуучу акыркы сөзү менен катышат. Алардын ичинен биринчиси болуп Жантөрө Сатыбалдиев акыркы сөзгө чыкты. Ал өз сөзүндө сотко кайрылып анын абийири балдарынын, неберелеринин жана мекендин алдында таза экенин айтты.

“Мен бир топ эмоцияга алдырып айтып койдум урматтуу сот. Бирок биз тогуз айдан бери өзүбүздүн күнөөлүү эмес экенибизди айтып келе жатабыз. Ошондуктан кимдир бирөөнү таарынтып алсам кечирим сурайм. Түшүнүп коюңуздар, мен дээрлик эки жылдан бери “жети жылдыздуу мейманканада “эс алып жатам”, ичинде бардыгы камтылган, акысыз SPA”, – деп ачуу тамашалады ал.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь