Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева салык декларациясында кыймылсыз мүлкүн көрсөткөн эмес. Буга байланыштуу мамлекеттик салык кызматы текшерүү жүргүздү.

Белгилей кетсек, жергиликтүү маалымат каражаттарында депутаттын салык декларациясында кыймылсыз мүлкү жана автоунаасы көрсөтүлбөгөндүгү жазылып чыккан. Ошондой эле депутат айлык маянасы менен гана жашайт деп турат.

Салык кызматы билдиргендей Сурабалдиева декларациясын толтурууда анын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнүн жыйынтык суммасы алардын аталышы жана маалыматы жок болуп көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы Сурабалдиеванын декларациясын онлайн толтурууда техникалык мүчүлүштүктөр болгонбу деген текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Изилдөөнүн жыйынтыгында анын 2017-жылкы декларациясында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлкү менен азыркысы дал келди“- деп билдиришти Салык кызматынан.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: