ЕАЭБ аймагындагы бажы жеңилдиктеринен пайдаланып, товарлардын түрү менен көлөмү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, контрабандалык кылмыштарды жасап жаткан жарандар менен компаниялар бар. Алар чек арадагы салыктар менен төлөмдөрдөн кутулуу максатын көздөйт. Бул маселе тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында «Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Вице-премьер-министр Дүйнөлүк банктын колдоосу менен чек арадагы өткөрүү жайларында жүк ташыган автоунаалар менен жүктөрдүн көлөмүн эсепке ала турган 5 автоматташтырылган тутум орнотулуп жатканын айтты. Заманбап жабдуулар чек арадан өткөн жүк ташуучу автоунааларды жана ташылган жүктөрдү онлайн режиминде көрсөтүп, жазып калат. Ал тутумду «Коопсуз шаар» долбооруна туташтыруу пландалган.

Булак: Barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: