Лондондогу Трафальгар аянтына коюлган Жаңы Жылдык балаты жашоочулардын шылдыңына калды. Социалдык тармактын колдонуучулары балатынын эскилиги жетип, жансыз болуп калганын сындап чыгышты.

Англиянын башкы балатысын жыл сайын Норвегия белек кылып берет. Мындай салт 1947-жылдан бери уланып келет. Бул жылы дагы Ослонун жашоочулары Лондон элине 21 метрди түзгөн майрамдык балатыны белекке беришкен.

Вестминстер кеңеши негизги балаты абдан узун болгондуктан башка балатылардан өзгөчөлөнүп айрымаланып турат деп белгиледи.

Бирок ага карабастан коомчулук балатынын бутактары жок, жылаңач калган карагайдай салыштырышууда.

Жаратылышта жашаган 25 метр бийиктиктеги 90 жаштагы жандуу балаты дал ушундай көрүнүшү керек“, -деп Норвегиядагы биртан элчиси  айтылган сындарды четке какты. Анын бутактарын санабай, белектин символизмине караш керек деп эсептейт.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 100