Сүрөт Спутник.кг ден алынды

Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталган мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев акталды. Сот анын абалын эске алуу менен жеңилдетилген жаза берди. Белгилей кетсек, Артыкбаев ден-соолугуна байланыштуу сотко арабада отуруп катышып жүрөт.

Свердлов райондук сотунун өкүмүнө ылайык, Артыкбаев мамлекетке 100 миллион сом кайтарып берет. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен 50 миң эсеп көрсөткүчү (5 миллион сом) боюнча айып салынды. Мындан тышкары мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт.

Сүрөт Спутник.кгден алынды

Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарган өкүмүндө дагы үч аткаминер сот залынан бошотулду. Алар: Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов менен аталган ишкананын директорунун мурдагы биринчи орун басары Жолдошбек Назаров 2,5 жылга соттолду. Бирок тергөө абагында отурган күндөрү эсептелип, сот залынан бошотулду.

Ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: