Жалал-Абадда жашоочуларга ок чыгарган адам кармалды

213

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жарандарга ок чыгарган шектүү кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Ноокен районунун Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу «Кыргызнефтегаз» ААКтын газ бөлүштүрүүчү станциясынын жанында Майлуу-Суу шаарынын 1969-жылы туулган тургуну Ш.Б. ошол станцияда иштеген Кочкор-Ата шаарынын тургундары А.А. жана Е.П. аттуу жарандарга колундагы ок атуучу куралы менен ок чыгарган. Аталган факт боюнча топтолгон материал РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү жана жүргөн жери аныкталып, ок атуучу куралы далил буюм катары алынып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде ал камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси такталууда.

Булак: Turmush.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь