Көрүнүктүү журналист, жазуучу, агартуучу Кубанычбек Чороев оорудан улам 6-декабрь күнү 65 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу kutbilim.kg жазды.

Кубанычбек Чороев 1954-жылы 10-ноябрда Чүй облусундагы Кант районуна караштуу Люксембург кыштагында туулган.

Көп жыл бою райондук, областтык жана республикалык газеталарда иштеген. 1993-жылдан бери Бишкек шаарында ишкерчилик менен алек болуп келген.

Кубанычбек Чороевдин көркөм чыгармалары жана тандалма журналисттик макалалары 2014-жылы “Жылдыздар кайтып келишет” деген аталышта өзүнчө жыйнак болуп басылган. 2015-жылы “Дөөлөт таңы” повесттер, аңгемелер, новеллалары жыйнагы жарык көргөн.

Маркумдун сөөгү жекшемби күнү өзүнүн өскөн айылы Эчки-Башы айылында жерге берилет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: