Индиянын маданият мамилелер кеңеши 2020-2021-окуу жылына карата магистратура, аспирантура жана докторантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 6 стипендиялык орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда аталган бюджеттик орундарга сынак башталды.

Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмеси, тандоо критерийлери жана билдирмени толтуруу боюнча түшүндүрмөнү Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтынан караса болот: http://a2ascholarships.iccr.gov.in/

Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди онлайн билдирме түрүндө толтурууга тийиш.

Ошондой эле арыз, билдирме жана башка тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирилүүгө тийиш.

Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү 100-А.

Байланыш номерлери: 0312 97 92 56.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 108