Сокулук райондук ИИБнин башчысы Максат Чойбеков Mercedes-Benz унаасында бара жатып кичиавтобус менен бетме-бет кагышты.

Жол кырсыгы 7-декабрда түнкү саат 04:00дөр чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда болгон. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кемелбек Сариев оор абалда Кант шаарындагы ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары дагы эки адам жабыркаган.

Милициянын полковниги Максат Чойбеков амбулатордук кайрылып, белгисиз тарапка чыгып кеткен. Ал эми анын спирттик ичимдик ичкени же ичпегени аныкталган эмес, себеби кайсы бир себептер менен алкотесттен өткөн эмес.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 748