Эмне үчүн ар бир өлкөлөрдө үйдүн чатыры ар кандай жабылган?

Көрсө мындай чатырлардын жабылышы климаттын түздөн-түз байланышы бар экен.

Кар жааган өлкөлөрдө үйдүн чатырын үч бурчтуу формада жабышат. Анткени кар жерди көздөй өзү эле түшүп калат. Ошондой эле бул чатырды тазалоо да зарыл эмес.

Жамгыр көп жааган аймактарда, чатырын учтуу жана жалпак кылышат. Ошондой эле сөзсүз түрдө бир капталын ылдыйраак кылып жабышат. Анткени суу чатырда калып калса, курулуш материалдары чирип, ичинен суу тамып баштайт.

Ысык өлкөлөрдө кар, жаан-чачын болбогондуктан чатырлары жалпак. Мындай чатырлар үч бурчтууларга караганда арзан жана оңой курулат.

Дагы бир артыкчылыгы — үйдүн үстүн кошумча бөлмө катары колдонсо болот.

Эч кандай чатыры жок үйлөр дагы болот. Мисалы, Египет. Аталган өлкөдө жаан сейрек жаагандыктан чатыр деле колдонулбайт. Ачык асман көрүнүп турат. Ал эми күндөн коргонуу үчүн атайын чүпүрөктөр колдонулат.

Чатырдын дагы бир кызыктуу түрү — тоголок эскимостун үйү . Мындай чатырлар Түндүк райондордо колдонулат.

Түндүктө жашаган элдердин бир эле курулуш материалы – муз. Муздан атайын форма жасап алышып, бири-биринин үстүнө тегерете тизип коюшат. Каттуу шамал болгондо кулап калбаш үчүн суу куюп турушат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: