Айтылуу Матраимовдордун кичүүсү Руслан Матраимов муниципалдык жерди мыйзамсыз тосуп алганын аныктады. Бул тууралуу Ош мэринин басма сөз катчысы Азамат Абсатаров “Азаттык” радиосуна билдирген.

Абсатаровдун айтымында, журналист  Ыдырыс Исаков Ош  шаарындагы «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна бара турган жолду Матраимовдор тосуп алганын айтып чыккан соң шаар башчылыгы текшерүү жүргүзгөн

“Текшерүүнүн жыйынтыгында Матраимов «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы жер тилкесин уруксатсыз тосуп алганы аныкталган. Ал жер азыр бошотулган. Ошондой эле борборго барчу жол дагы уруксатсыз тосулган экен. Архитектура башкармалыгы эскертүү берди. Мындан соң үйдүн кожоюну тосуп алган жерин ачам деп убада берди,” – деди Абсатаров.

Ал эми буга чейин Искендер Мартраимов ал жерди 1999-2000-жылдары 119 миң сомго сатып алганын айткан.

Макала жактыбы?

НетДа
4
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 543