«Акнет» ишканасынын президенти Кубан Ажимудиновго козголгон иш тергелип бүттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда иш Башкы прокуратурага иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан “Акнет” ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 000 000 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.

Андан соң, Башкы прокуратура тарабынан аталган ишти иликтөө ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Тергөө кызматы тарабынан “Акнет” ЖЧКсынын президенти жалпы суммасы 616 816 112 ,70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган.

Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 901 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 53