Бишкекте “40 чорону” фашисттерге салыштырган граффити пайда болду

Бишкекте турак үйлөрдүн жана административдик имараттардын дубалдарында “Феминнале” көгөзмөсүнүн уюштуруучуларын колдогон сүрөт-граффити пайда болду.

Facebook тармагынын колдонуучусу Joshik Murzakhmetoff жарыя кылып постун фашистке каршы деп атаган.

” Аларда керек болсо 40 жүз болсо дагы, фашизмде бир гана жүз! “40 чоро” (Бишкектеги улутчул, сексисттик, гомофобиялуу, экстремисттик топ.) Бишкектеги фашистке каршы граффити”,- деп жазган.

Эске сала кетсек, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде көргөзмө ачылып, ал дароо комчулукта чуу менен коштолду.

Айрымдар жана “40 чоронун” активисттери иш-чарада кыздын жылаңачтанып чыкканына жана кыргыздын каада-салтына туура келбеген айрым экспонаттарга нааразычылыгын билдиришкен.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь