Ысык-Ата районунда жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук ИИБнин башчысы Максат Чойбеков ээлеп турган кызматынан бошотулду.

Жол кырсыгы 7-декабрда түнкү саат 04:00дөр чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда болгон. Mercedes-Benz унаасында бара жаткан Максат Чойбеков кичиавтобус менен бетме-бет кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кемелбек Сариев оор абалда Кант шаарындагы ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары дагы эки адам жабыркаган. Милициянын полковниги Максат Чойбеков амбулатордук кайрылып, белгисиз тарапка чыгып кеткен. Ал эми анын спирттик ичимдик ичкени же ичпегени аныкталган эмес, себеби ал алкотесттен өткөн эмес.

“Окуя ЖКБРге катталып, толук жана калыс иликтөө жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары Чүй облусунун ИИББнин тергөө кызматына алынган. Андан тышкары, Сокулук райондук милициясынын башчысы тергөө аяктаганча кызматынан четтетилди“, – деп билдиришти Чүй облустук милициядан.

Учурда ички иликтөөлөр кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Ошондой эле баардык керектүү соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки иш жүрүүдө.

.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: