Өзбекстандык мигрант төрөгөн кызын таштап кеткен. Аны Россиянын депутаты Виталий Милонов багып алды. Бул тууралуу Podrobno.uz.кабарлайт.

Кызды багып алуу тууралуу НТВ каналында “Миллинодук сыр” телеберүүсүндө айтылган. Анда шоунун алып баруучусу Лера Кудрявцева депутаттан кыздын кайда төрөлгөндүгүн сураган. Милонов алгач багып алган кыз тууралуу элдин алдында айткан эмес. Бирок көп өтпөй ал тууралуу сюжет студияда көрсөтүлгөн.

Сюжетте көрсөтүлгөндөй кыздын энеси өзбек жараны болгон. Ал ашканалардын биринде кароолчу болуп иштеп өзүнүн толуктугуна байланыштуу боюнда бар экенин билдирбей жүрө берген. Төрөөрүнө аз калганда ал дааратканга кирип төрөп андан соң 8 саттай коомдук транспортто жүрүп соңунда отургучка таштап, өзү жумушуна кеткен. Бул окуя беш жыл мурун болгон.

Милонов болгон окуяны угуп кызды багып алган. Кызга Евдокия деген ат коюп өзүнүн фамилиясын берген. Милоновтун өзүнүн эки кызы Марфа, Пелагея жана бир уулу Николай бар. Анын багып алган дагы үч баласы бар: Петр, Илья жана Евдокия. Евдокия өзү да телеберүүгө катышкан. Анда кыз гимнастика менен алектенээрин жана атасын жумуштан аябай күтөөрүн айтып, жаңы жылга аяз атадан куурчак үй сураган.

Макала жактыбы?

НетДа
12
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: