Гүлчө айылындагы №92843 аскер бөлүгүнүн токко урунган аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Генералдык штабдан билдирди.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, ефрейтор Ш. у. А. кечээ 8-декабрда саат 19:30дар чамасында көз жумган. Эске салсак, келишимдик негиздеги аскер кызматкери тактикалык талаадан кайтып келе жатып жогорку чыңалуудагы линиядан токко урунган. Анын аркасында электр нурун кармай турчу радиостанция болгон. Анын денесинин 80 пайызы күйүк алган.

Ефрейтор Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан, кечээ абалы начарлап дарыгерлер өмүрүн сактай албай калышты.

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын түзүмү жана жетекчилиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: