Бишкектеги Асаналиев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, жеринде төрт машина жабыркаган. Дагы бир канча адам жабыркаганы айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуядан соң ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери  иш алып барууда. Төрт унаанын биринин терезесинде Транспорт жана жолдор министрлигинин күбөлүгү чапталганын көрүүгө болот. Окуя болгон жердеги  унаалардын терезеси талкаланып, бир автоунаа бакты сүзүп токтогон.

Бизге жеткен  маалымат боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чатакташа кеткен.Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

фото: спутник кж

 

Макала жактыбы?

НетДа
14
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 6 084