Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде коюлган “чуулгандуу” көргөзмө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда аял кишинин көргөзмөгө баргандардын алдында жылаңач чыга келгени, ич кийимдердин илингени көпчүлүктүн кыжырына тийген. Мындан улам музейдеги аталган көргөзмө токтотулуп, анда илинген экспонаттар алынган.

Бул көргөзмөнү уюштурган феминисттик кыймылдан өкүлдөрү экспонаттарды Бишкек шаарындагы “Ололохаус” компаниясына тийиштүү кеңсеге алып барып коюшкан. “Ололохаус” компаниясынан билдиргендей, алар аялдардын ич кийимдери сыяктуу экпонаттарга кеңсенин ичине илүүгө акысыз орундук бөлүп беришкен.

Биз алардын демилгесин колдоо максатында акысыз орундук бердик. Эми бул жерге каалоочулар келип көрө беришсе болот”-деп билдирди “ололохаус” компаниясынын менеджери.

Белгилей кетсек юстиция министрлигинин электрондук базасындагы маалыматка ылайык “ололохаус” ЖЧКсынын ээлеринин бири Аманалиева Айнура Абдукапровна саналат. Айрым маалыматтар боюнча ал, Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиевдин бир тууган карындашы.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: