“Чор таман балдар келбесе Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болмок эмес”. Бул тууралуу пикирин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

” Мен айылда өскөн чор таман карапайым кыргыз кызымын. 7-апрелде томолонуп канга малынып жаткандар айылдан келген чор таман кыз менен чор таман балдар. Алар келбесе Роза Исаковна өткөөл мезгилдин президенти болмок эмес”,- дейт Үмөталиева.

Ошондой эле мыйзамда өткөөл мезилдин экс-президенти деген наам каралган эмес деген оюн айтты. Мындан улам президент бүгүнкү күндө бул кырдаалды өзү көзөмөлдөп, бюджеттен коротулуп жаткан акчаны кайтарып алышы керек деп эсептейт.

” 7-апрелдин урматына деп өткөөл мезгилдин президенти деген наамды колдогонбуз. Эми Роза Отунбаева бюджеттен алган акчаларды ар бир жетимге кайтарып берип, наамын өткөрүп бериши керек”,- деп билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
31
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 898