Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева депутат Ирина Карамушкинага таянып билдирди.

Анын айтымында, психиатрлар Атамбаев кармалып жаткан УКМКнын тергөө абагына келишкен. Бирок мурдагы президент дарыгерлердин суроолоруна жооп бербей койгон.

“Бүгүн Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова эскпертизадан өтүштү, текшерүү маектешүү формасында болду”, -деп билдирет Жолдубаева.

ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө. 12-ноябрь күнү оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, “Экспертизаны дайындоонун негиздери” беренеси менен 16 шектүүгө карата, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган. Токтом саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: