Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сөөгү табылган аялдын ким экени аныкталды. Маркум эки баланын энеси болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, маркум Тажикстандын Согдий облусунун 39 жаштагы Т.А. аттуу жараны болгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кармалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Эске салсак, 35-40 жаштар чамасындагы таякталган аялдын сөөгү 23-ноябрда болжол менен саат 10:30дарда Кулунду — Жаңы-Жер трассасынан 80 метр алыс жерден табылган. Аялдын муунтулуп, мууздалганы аныкталган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
8
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: