Бишкек шаарында киши өлтүрүүгө шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-декабрда милиция бөлүмүнө Оренбург көчөсүндө жайгашкан жеке үйдүн ичинде адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБдин тергөө тобу барып, бир нече жолу төшүнө бычактан жаракат алган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. 

Маркумдун өздүгү аныкталды. Ал 1976-жылы туулган Р.Ю. болгон.

“Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Б.Е.ни колго түшүрүштү. Ошондой эле маркум менен шектүүнүн мамилелери жаман болгону такталды. Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 118