Кечээ, 9-декабрда Брюссель шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан тарткан сүрөттөрдүн «Памирге экспедиция – 2019» аталышындагы көргөзмөсүн ачты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинде уюштурулган иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Европа бирлигинин жогорку өкүлдөрү катышты.

«Министр Ч.Айдарбеков экологиялык дипломатияны илгерилетүүнүн, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн козгоп, климат боюнча ратификацияланган Париж макулдашуусунун алкагында Кыргызстандын өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди», – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан тарап ЮНЕСКО чокусуна биргелешкен чыгууну уюштурууну сунуштады. Өзүнүн жооп иретиндеги куттуктоо сөзүндө элчи П.Буриан кыргыз тарабына көргөзмөнү өткөрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жаратылышынын уникалдуулугун жана экологиялык дипломатияны мындан ары илгерилетүүнүн, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туристтик дараметин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 43