Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы мал сарайда эшектердин кармалып тургандыгы жана алардын эти тамакка даярдалып жатканы тууралуу видео тараган.

Бул окуяны Ош ОИИБи Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган. Укук коргоо органдары менен Кара-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын, Катта-Талдык айыл аймагынын башчысы, Санэпид көзөмөл борборунун жетекчилиги, Мады айыл амагынын өкүлү жана ошол жерди күзөткөн «Гром» жеке кайтаруу мекмесинин өкүлдөрүнөн турган комиссия кылдат текшерип чыгышты.

Белгилүү болгондой Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан “Береке Мойнинг” аталыштагы ЖЧК ишканасы болжол менен 1000 ге жакын эшек чогултуп, багуу ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Аталган фирма Бишкек шаарынын тургуну Сапаралиев Медетке караштуу. Ал эми короону “Гром” жеке кайтаруучу агентство кайтарууга алган. Жер менен короо Кожомкулов Рамазанга караштуу. Ал бул короону ижарага берген. Ижарага берген аталган короодо эшектерди союп этке таркаткан фактылар аныкталаган жок деп билдирет Ош ОИИБден. 

Ал эми интернет мейкиндигиндеги социалдык тармагына жарыяланган видеотасма 2015-жылы тартылганы такталды. Белгисиз жаныбардын ичегилери жана ич эттери турган сүрөт башка жакта тартылган фото экендиги тастыкталган.

” Соц тармакта таркатылган маалымат чындык катары өз далилин тапкан жок. Соц тармактагы жалган маалыматты таркаткан жаранды тактоо боюнча тийиштүү кызматкерлер тарабынан ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө”,- деп белгиледи Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ужас! Это правда, что в Оше есть ослиная ферма и мы едим мясо осла?

Опубликовано Альбиной Чаловой Понедельник, 9 декабря 2019 г.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
5
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: