Twitter социалдык тармактын колдонуучусу 01KG 578 ACD номуру менен жүргөн Мерседестин айдоочусу Чүй прокуратурасынын кызматкери экенин жазган. Ага шилтеме берип elgezit.kg басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой ал 1991-жылы туулган Нурбек Болот аттуу жаран деп жазылат. Маалымат такталууда. Соцтармактын колдонуучусу эч кандай номери жок “Мерседестин” сүрөтүн жүктөгөн.

Социалдык тармакка жарыяланган маалыматтар боюнча Нурбек Болот экс-депутат Муратбек Малабаевдин тууганы экени да айтылган. Клымыш жоопкерчилигине тартылып жана ишинен айдалып кетпеш үчүн бул ишти жабууга аракет кылышууда дейт.

Эске салсак, “Коопсуз шаардын” камерасына тартылып алынган сүрөт интернетте тарап, айдоочуну Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине окшоштурган маалыматтар тараган. Бирок, муну Алмаз Мамбетов төгүндөгөн.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: