Ошто 20 жаштагы кыз 5-кабаттан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

Окуя шаардагы Ы.Монуев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

«Окуя тууралуу бизге 6-декабрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери кабарлаган. 1999-жылы туулган А.Д. белгисиз себептер менен 5-кабаттан кулап кеткендиги белгилүү болгон. Ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Каза болгон кыздын жакындары суралууда», – деди Абсатар Тавакалов.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, А.Д. ооруканага жеткирилгенден кийин бир саатка жетпей каза болгон. Эки колу, эки буту, денесинин көпчүлүк бөлүгү сынып, ички органдары жарылып кеткен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: