Бишкек—Новосибирск поезд каттамы ачылды. Эми кыргызстандык жарандар Бишкек шаарынан Новосибирскке чейин түз поезд менен бара алышат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, 8-декабрдан тарта Бишкек—Новосибирск, Новосибирск—Бишкек каттамындагы поезд каттап баштады.

Новосибирск шаарында эң ири кыргыз диаспорасы бар. Ошондой эле Сибирь аймагын камсыз кылган ири кийим-кече базары жайгашкан. Ушул жагдайларды эске алуу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги “Россия темир жолу” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган поезд каттамын ачууга жетишти», – деп айтылат маалыматта.

 

Макала жактыбы?

НетДа
12
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 328