Чек ара кызматындагы коррупция боюнча айтып чыккан Талгат Алановдун үнү делген видеожаздыруу интернетте тарады. Анда Талгат Аланов жетекчилигинен чоң кызматка дайындалуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок иш анын пайдасына чыкпай калган соң маалымат жыйын өткөрүп чек арадагы коррупцияларды ачыктап чыккан имиш.

Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов буга чейин билдирүү жасаган. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» чогултуп, кызмат орундары акчага сатыларын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматы офицер айткан маалыматтар чындыкка коошпойт деген билдирүү тараткан.

Кийин Талгат Аланов коркутууларга кабылганын билдирди. Анын айтымында, “Фейсбуктагы” баракчасына жазып жана телефондон белгисиз адамдар чалып “токтот”, “жок болуп кетесин” деген сөздөрдү айтышкан. Бул боюнча 6-декабрда Башкы прокуратурага кайрылганын кошумчалаган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: